Коомдук транспорт карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына кабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 20-сентябрда "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобус өз жолунда бара жаткан учурда Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү жол тандабас унаа карама-каршы тилкеге чыгып, бурулууга аракет кылган. Натыйжада кагылышуу болгон.
Жол кырсыгынан жабыркагандар жок, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.