Улуттук тазалык күнүнө карата өлкө боюнча өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке 168 миңден ашуун адам катышып, 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу 21-сентябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Ишембиликке ишкерлер, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, коомдук уюмдар, жаштар жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына кайдыгер карабаган жарандар активдүү катышты.
"Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери Аламүдүн районуна караштуу Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында тазалык иштерин жүргүзүп, аймакты таштандылардан тазалашты",- деп айтылат малыматта.
Иишембиликтин жыйынтыгында 3600 гектар жер аянты тазаланды.