Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов соцтармактагы баракчасына Эйкондун ырынын коштоосундагы видео жарыялады.
Анда борбор калаада чачылып жаткан таштандылар көрсөтүлөт. Таштандылар керек болсо таштанды челектерге батпай кеткен.
Азырынча буга мэрия жооп кайтара элек.