Венгриянын Сексард шаарында түшүм майрамы өтүп жаткан учурда белгисиз жаран премьер-министр Петер Мадьярдын бетине шарап чачты. Окуянын видеосун премьер-министр 20-сентябрда соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
Видеодон көрүнгөндөй, эркек киши бокалдагы шараптан бир ууртам ичкенден кийин анын калганын Мадьярдын бетине чачкан. Андан соң күзөт кызматкери аны дароо алып чыгып кеткен. Мадьяр болсо майрамга келгендер менен сүйлөшүүсүн уланткан.
Мадьярдын айтымында, шарап чачкан адам Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбандын тарапташы болгон. Ал өзү майрамга жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен келгенин кошумчалаган.