Мас айдоочунун айынан Бишкек-Чалдыбар жолунун 59-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 15-декабрь күнү кечки саат 5тер чамасында Мазда-626 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында жолдун четинде турган Фольксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Жыйынтыгында Фольксваген-Гольф-3 унаасынын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.