
14-20-сентябрь күндөрү Албаниянын Тирана шаарында информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасы болуп өттү.
Агартуу министрлиги билдиргендей, сынакка кыргызстандык окуучулар дагы катышкан. Натыйжада, Эмирхан Сыдыкаев коло медалга ээ болгон. Ал эми Аруубек Баймырзаев Ардак грамота менен сыйланган.