Тажикстандын Душанбе шаарында күжүрмөн самбо боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда Шерзат Кудайбердиев коло медаль тагынды.
Ал ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы, сержант экенин аталган кызмат кабарлады. Маалыматта Дүйнө биринчилиги 19-20-сентябрь күндөрү болгону кошумчаланат.