Биз социалдык тармакта

Ырчы Анжеликанын 16 жаштагы кызы эл аралык сулуулук сынагына катышат

Ырчы жана ишкер Анжелика Кайратованын 16 жаштагы кызы Элима Miss Supermodel Worldwide-2026 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 21-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Элимага сулуулук сынагына катышууга күтүүсүздөн чакыруу келип, сунушту бир ай ойлонуп, бүгүн макулдугун берген.

"Бул Элиманын алгачкы сынагы. Бою 182 сантиметр, 16 жашта. Дароо дүйнөлүк Miss Supermodel Worldwide-2026 сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Сиздер колдоп бериңиздер",- деп жазган Анжелика.

Белгилей кетсек, сынак 18-26-октябрь күндөрү Индияда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан