Биз социалдык тармакта

Соң-Көлдө жапайы канаттууларга мониторинг жүргүзүү үчүн кароо курулмасы орнотулду (видео)

Нарын облусундагы Соң-Көл көлүндө мекендеген жапайы канаттууларды байкоого жана мониторинг жүргүзүүгө шарт түзгөн атайын кароо курулмасы орнотулду. Бул тууралуу 21-сентябрда Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Бийиктиги 7 метр болгон темир конструкциядагы курулма жапайы канаттууларга жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбестен байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле эс алуучулар атайын дүрбү аркылуу канаттууларга жакындабай көз сала алышат.
Кароо курулмасы "Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында орнотулган.
Соң-Көлдө жапайы канаттууларга мониторинг жүргүзүү үчүн кароо курулмасы орнотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан