Өлкөдө мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдөгү айыптар каралган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бүгүн, 21-сентябрда бул жаатта рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын билдирди.
Мисалы, илбирс аткандар 2 миллион сом айыпка жыгылат. Ал эми аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен үчүн 1,5 миллион сом, кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн үчүн 50 миң сом, орто азиялык кундуз, мензбир сууру үчүн 20 миң сом айып пул каралган.