Биз социалдык тармакта

Трамп Зеленскийден Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууну суранды

Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу, деэскалация, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланган.

Ошол эле учурда Трамп Зеленскийден Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку урууну токтотууну бир нече жолу суранган. Анын айтымында, мындай чабуулдар дүйнөдө дизелдин баасынын өсүшүнө алып келүүдө.

Зеленский сүйлөшүү дипломатиялык процессти улантууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан