Бүгүн, 21-сентябрда Кыргызстанга Азия оюндары-2026дагы алгачкы медалды алып келген Дастан Каныбек уулу видеокайрылуу жасады.
Ал алгач Япония жана Ирандан келген мушкерлерди жеңип, жарым финалда өзбекстандык спортчуга эсеп боюнча жеңилип, жыйынтыгында 3-орунду алганын айтты.
"Бул да болсо бир жакшылыкка. Буйруса, кийинки турнирлерде алтын медалга ат салышам",- деди Дастан Каныбек уулу.