Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда "Арашан" тукумундагы кочкор 1 миллион долларга сатылганы айтылууда (видео)

Кыргызстанда "Арашан" породасындагы кочкор 1 миллион долларга сатылганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Кымбат бааланган кочкор бир нече жыл мурун Казакстанга ошол кездеги рекорддук 150 миң долларга сатылган белгилүү Франкелдин тукуму экени айтылууда. Эгер келишим ырасталса, бул "Арашан" тукуму үчүн жаңы рекорд болот.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, келишим 19-сентябрда "Арашан" тукумун өнүктүрүүгө арналган фестивалда түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан фермерлер катышкан.

Кыргызстанда "Арашан" тукумундагы кочкор 1 миллион долларга сатылганы айтылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан