Бишкекте “300 миң сомдон ашык зер буюмдарын уурдады” деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте “300 миң сомдон ашык зер буюмдарын уурдады” деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында 3-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын 21 жаштагы  тургуну арыз менен кайрылган. Ал шаарыбыздагы соода борборлорунун биринде иштээрин жана витринадан 36 миң сомдук зер буюмун белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан. 

Ушундай эле арыз менен Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну дагы кайрылган. Ал жалпысынан 270 миң сомдук зер буюмдарын уурдатканын маалымдаган. 

 

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 27 жаштагы К.Махабат кармалган. Анын айтымында, сатып алуучу катары зер буюмдарын саткан бутикке баш багып, сатуучу алаксып калганда уурдап качып кеткен.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
infiniti
2014-02-03 18:06:17
Кудай сактаа. Айымдарыбыз эмне болуп баратат,я!?
0
omko
2014-02-03 19:23:30
эми мындай карапайым адамдар учун КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси иштеп калат эмеспи ал эми Миллион долларларды коз коруно синирип кеткендер журот даагы эле Кумторду тытмалап жегенге аракет жазашып!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан