Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун курулуш иштери жыйынтыктоочу баскычка жетти. Бул тууралуу 21-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, бул унаа жол министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулууда. Бүгүнкү күндө жолдун асфальт төшөө иштери 95 пайызга аткарылды.