
Акыркы 6 айда Ош шаарында 30 жаңы сквер жана сейил бактар пайдаланууга берилип, шаардыктар үчүн сейилдөөгө жана эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул тууралуу 21-сентябрда шаар мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, И. Раззаков, А. Масалиев, Курманжан датка, Өзгөн жана башка көчөлөрдө жаңы коомдук мейкиндиктер пайда болуп, аймактар жашылдандырылды.
"Ак-Бууранын боюнда ачылган үй-бүлөлүк эс алуу багы Оштун көркүнө көрк кошкон жаңы жайлардын бири болду", - деп айтылат маалыматта.