Биз социалдык тармакта

Ошто Х. Дадабаева көчөсү бир суткага жабылат

Оштогу Б. Осмонов көчөсүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Х. Дадабаева көчөсү убактылуу жабылат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштеринен улам көчө 22-сентябрда саат 08:00дөн 23-сентябрда саат 08:00гө чейин жабык болот.

Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө Т. Көчкөнов көчөсү аркылуу жүрүү сунушталат.

Мэрия убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан жана айдоочулардан кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан