VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде аткарылып, дүйнө жүзүнө тараган бийди бул ирет бала бакчадагы бөбөктөр бийлеп чыгышты.
Улуттук кийим кийген кичинекей бийчилер трендге айланган кыймылдарды өздөрүнө жараша аткарып, көргөндөрдүн жылмаюусун жаратты.
Эске салсак, Көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы бул бий кыска убакытта социалдык тармактарда кеңири тарап, башка өлкөлөрдө да аткарылып жаткан.
Видеону интернет колдонуучу Акмарал Сабатар бөлүштү.