Квота менен Кытайдан алып келинген 5 электромобилди мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу 21-сентябрда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электромобилдерди алып келүүдө жеңилдиктен пайдаланган Кыргыз жарандары тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн Орусиянын жарандарына өткөрүп беришкен. Аныкталган 5 факт боюнча өлкө бюджетине 3 миллион 982 миң 274 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.