Кечээ, 21-сентябрда президент Садыр Жапаровго АКШнын ишкер коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдү таануунун белгиси катары эстелик белги тапшырылды.
Статуэтка Америка-Кыргыз бизнес кеңешинин, StoneX Group корпорациясынын жана АКШнын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн атынан берилди.
Маалыматка караганда, бул белек Кыргызстандын экономикасындагы жетишкендиктерге жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган реформаларга баа берүүнүн белгиси катары тапшырылган.
Эске салсак, Садыр Жапаров Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушуп, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана эки өлкөнүн бизнес байланыштарын кеңейтүү маселелерин талкуулаган.