Биз социалдык тармакта

Трамп: "Орусия мунай иштетүү тармагына көзөмөлүн жоготту"

Кечээ, 21-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жасаган соккуларынан улам өлкө мунай тармагына көзөмөлүн жоготконун билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

"Орусия Украина менен согуштан улам дизель тармагына көзөмөлүн жоготту. Көптөгөн мунай иштетүүчү заводдор жабыркап, убактылуу иштен чыкты",- деп жазды Трамп социалдык тармактагы баракчасына.

Ошондой эле ал Украинадагы "маанисиз жана чексиз согушту" токтотуу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Трамп буга чейин Владимир Зеленскийди Орусиядагы дизель өндүрүүчү ишканаларга сокку урууну токтотууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан