Президенттин иш башкаруусунун орун басары Талантбек Жунушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынына бир аз кечигип кирди.
Бүгүн, 22-сентябрда ал Кыргызстан менен Беларустун ортосунда жарандардын жүрүү тартиби боюнча мыйзам долбооруна баяндама жасамак. Анын аты аталганда залдан Жунушев тыгында калып калганын айтышты. Бирок айтып оозду жыйганча ал отурумга кирип келди. Ошентип Жунушев баяндама жасоого жетишти.