Түркиянын Трабзон провинциясында футболчу Мохамед Салах отуруп сүрөткө түшкөн таш туристтик жайга айланганы белгилүү болду. Бул тууралуу кечээ, 21-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Салах 14-сентябрда эс алуу учурунда Куртдере жайлоосуна барып, ошол жерде таштын үстүндө сүрөткө түшкөн. Кийин футболчу сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялады.
Сүрөт тарагандан кийин күйөрмандар ошол жерге барып, Салах отурган ташта сүрөткө түшө башташты. Таш эл арасында "Салахтын ташы" деп аталып, жайлоого "Салах жайлоосу" деген жазуусу бар белги да орнотулду.
Эскерте кетсек, египеттик футбол жылдызы карьерасын Түркияда улантууда. Ал сентябрь айынын башында "Трабзонспор" футбол клубу менен келишим түзгөн.