Бишкекте эндиктин тамырын мыйзамсыз чогултуп, сактаган жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Факт боюнча Свердлов райондук милициясына тиешелүү материалдар өткөрүлүп берилген. Мыйзамсыз жыйналган өсүмдүктөр алынып, жаранга ири өлчөмдө айып пул салынышы мүмкүн экени айтылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда эндикти жыйноого мораторий киргизилген.