Биз социалдык тармакта

Депутаттар агартуу министринин китептер боюнча маалыматын жабык угууга өтүштү

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Соттук-укук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматын жабык эшик артында угууга киришти.

Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеп, отурум жабык болорун айтты.

"Отурумду купуя өткөрсөк. Мамлекеттин каражаттары канчалык деңгээлде натыйжалуу иштетилди, агартуу министри бизге маалымат берет",- деген эл өкүлү түз эфирди өчүрүүнү суранды.

Депутаттар агартуу министринин китептер боюнча маалыматын жабык кароого өтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан