Биз социалдык тармакта

Түркияда мектептин алдында ок атылып, 8 адам жаракат алды

Түркиянын батышындагы Тургутлу шаарындагы орто мектептин алдында ок атылды. Окуя Маниса провинциясындагы Инжи Узмез атындагы кесиптик-техникалык орто мектебинин алдында болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Жергиликтүү бийлик жаракат алгандардын саны сегиз адам экенин билдирди. Ок атууну мектеп окуучусу уюштуруп, кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабыркагандар Тургутлу мамлекеттик ооруканасына жеткирилди. Окуя болгон жерге милиция жана медициналык кызматкерлер тартылып, шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан