Биз социалдык тармакта

Японияда тайфундан 4 адам каза болуп, 6 киши дайынсыз болууда (видео)

Япониянын Токио шаарына жана коңшу аймактарына "Дуцзюань" тайфуну келип, 4 адам каза болуп, дагы 6 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу "Би-би-си" жазды.

Катуу шамалдын ылдамдыгы саатына 130, айрым учурларда 194 чакырымга жеткен. Канагава жана Тиба префектураларында жер көчкү жүрүп, адамдар каза болгон. Бийлик 1,9 миллионго жакын тургунду коопсуз жайларга эвакуацияланууга чакырган.

Тайфундан улам 50 миңдей адам электр энергиясыз калып, жүздөгөн авиакаттамдар токтотулган.

Бүгүн, 22-сентябрга карата тайфун Япониянын чыгыш жээгинен алыстап, Тынч океандын жээгин бойлой түндүккө жылып бара жатканы маалымдалды.

Японияда тайфундан 4 адам каза болуп, 6 киши дайынсыз болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан