Биз социалдык тармакта

Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат  

"Кыргыз темир жолу" ишканасы үчүн АКШдан ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарындагы жолугушуусунда айтылды. Мамлекет башчысы кечээ, 21-сентябрда АКШнын мамлекеттик өкүлдөрү жана локомотив чыгарган америкалык Wabtec компаниясынын жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров транспорттук инфраструктураны, анын ичинде темир жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Сатып алынган 10 локомотивди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан