Кыргызстандык мушкер Акбар Абдуллаев UFC президенти Дана Уайттын талапкерлер сериясындагы беттешинде бразилиялык Эднилсон Сантос менен күч сынашып, атаандашын 19 секундда нокаутка учураткан. Жеңиштен кийин мушкер UFC менен келишим түзгөн.
14-0 рекорду бар Абдуллаев 14 беттешинин баарын мөөнөтүнөн мурда аяктаган. Дана Уайт анын көрсөткүчүнө жогору баа берип, шоу тарыхындагы эң чоң таланттардын бири экенин белгилеген.
Жеңиштен кийин мекенине кайтарын айткан 28 жаштагы мушкер Кыргызстанга келди. Аны "Манас" аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Ал мындан ары карьерасын UFC'де улантып, уюмдагы дебюттук беттешине даярданат.