Эртең, 23-сентябрда саат 05:00дөн тарта Мамыров көчөсүнүн Д. Садырбаев көчөсүнөн Э. Алиев көчөсүнө чейинки бөлүгү асфальт төшөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун аталган тилкеси үч күнгө жабык болот.
Айдоочулардан жолдогу убактылуу чектөөнү эске алып, башка багыттарды тандоо жана жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылуу суралды.