Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкекте таза суу берилбей турган аймактардын тизмеси

Эртең, 24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Мэрия кабарлагандай, мындай чектөө "Түндүк" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу киргизилди.

Суу берилбей турган аймактарга Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек Жолу проспекти, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсү — Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылы кирет.

Мындан тышкары, Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик, Салам-Алик, Ак-Босого конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу убактылуу берилбейт.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан