Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Европа кеңешинин президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

22-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” форматында саясий диалогду улантуунун жана “Global Gateway” программасынын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.


Өз кезегинде Жапаров Батыш жана европалык өнөктөштөр тарабынан Кыргызстанга карата жүргүзүлүп жаткан санкциялык саясатка тынчсыздануусун билдирди. Ал Кыргызстан Европа Биримдигинин жооптуу расмий өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турганына карабастан, мындай чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзүп келген 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, ошондой эле Батыш жана европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Антониу Кошта Жапаровду Брюссель шаарына сапар менен келүүгө чакырды. Мамлекет башчысы чакырууну жылуу кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан