Биз социалдык тармакта

Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Ал өз сөзүндө кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл толгонун айтып, тилди заман талабына ылайык өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

"Бүгүнкү милдет – эне тилибизди сактап калуу менен гана чектелбестен, аны заман талабына ылайык өнүктүрүп, билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу.

Президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилиши өлкөнүн өнүгүү стратегиясындагы анын маанилүү ордун тастыктап турат.

Ушул багытта мамлекеттик тилдин укуктук жана институционалдык негиздерин чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, тил мыйзамдарын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүүгө багытталган бир топ иштер аткарылууда. Мындай иштер мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдеп, анын күнүмдүк жашоодо жана кесиптик ишмердикте колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Бүгүнкү күндө тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири – кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү. Жаңы технологиялардын кеңири жайылышы мамлекеттик тилибизди заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына айландыруу, ошондой эле илимий жана технологиялык ресурсу катары пайдалануу болуп саналат.

Бул багытта кыргыз тилин үйрөнүүгө жана колдонууга багытталган электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилип, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө",- деди мамлекеттик катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан