Биз социалдык тармакта

"Тазалык" ишканасына атайын техникалар тапшырылды

Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу 23-сентябрда шаар мэриясынан билдиришти.
Тапшырылган техникалардын арасында:
  • 11 даана МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа;
  • 1 даана Шумкар таштанды ташуучу унаасы;
  • 5 даана Хово унаасы;
  • 1 даана Дамас унаасы;
  • 4 даана Лабо үлгүсүндөгү унаа бар.

Мындан тышкары, 15-октябрга чейин Минск шаарынан дагы 3 даана атайын техника келиши күтүлүүдө. Жаңы техникаларды кошкондо, ишкананын карамагындагы атайын автотранспорттун жалпы саны 400дөн ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан