Интернет желесинде мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин уулунун үйлөнүү тоюнан видео тарады.
Үлпөт той кечээ, 22-сентябрда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.
Тойго келген коноктордун арасында экс-президент Сооронбай Жээнбеков баштаган азыркы жана мурдагы аткаминерлер, ошондой эле коомдук ишмерлерди көрүүгө болот.