Кыргызстандык модель Сумая Тажиева Италиянын Милан шаарында өткөн Diesel брендинин мода көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу анын модель агенттиги билдирди.
Ал аталган көргөзмөгө катышкан алгачкы кыргыз кызы. Сумая Баткен облусунда төрөлгөн. Бир жыл мурун Бишкекке көчүп келип, моделдик тармакта иштей баштаган.
Учурда Сумая The Claw эл аралык модель агенттиги менен келишим түзүп, Миланда эл аралык карьерасын баштап жатат.