Кечээ, 22-сентябрда Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы "Таза-Суу" объектинен курулуш талаптарынын сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Талас аймактык башкармалыгы жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.