Коргоо министрлиги Аскер институтунун курсанттары аскердик машыгууларын "көчмөндөр бийи" менен айкалыштырышканын кабарлап, видео жарыялады.
"Курсанттар жаштарды мекенди сүйүүгө жана элибиздин маданий мурастарын сыйлоого чакырышты",- деп айтылат министрликтин бүгүн, 23-сентябрдагы маалыматында.
Айта кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында бийленген бий социалдык тармактарда кеңири тарап, дүйнөлүк трендге айланууда.