Биз социалдык тармакта

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери аяктаганы айтылууда (видео)

Кечээ, 22-сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев социалдык тармактагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштерине салым кошкон кызматкерлер жөнүндө видео менен бөлүшүп кабарлады.

"Чек араны тосуу иштерине салым кошкон ар бир кызматкерге таазим! Сиздердин эмгегиңиздерди эл да, тарых да баалайт. Мекен үчүн кылган кызматыңыздар эч качан унутулбайт", - деп жазды ал.

Азырынча тийиштүү кызматтар тарабынан чек араны тосуу иштеринин аяктаганы боюнча маалымат бериле элек.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан