Биз социалдык тармакта

Эль-Ниньо кубулушу 450 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн

Күчөгөн Эль-Ниньо климаттык кубулушу жакынкы айларда дүйнөнүн айрым аймактарында катуу ысыкка алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын болжолунда, анын кесепетинен 450 миңден ашуун адам каза болушу ыктымал.

Эль-Ниньо — Тынч океандын экваторго жакын бөлүгүндөгү деңиз суусунун адаттагыдан жылуураак болуп кетишинен пайда болгон табигый климаттык кубулуш. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы аба ырайына таасир этип, айрым жерлерде ысыктын күчөшүнө, башка аймактарда жаан-чачындын көбөйүшүнө же кургакчылыкка алып келиши мүмкүн.

Climate Impact Lab уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2026-жылдын июнь айында башталган Эль-Ниньонун азыркы циклинин алгачкы алты айында катуу ысыктан 451 миң адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, "супер-Эль-Ниньо" 2027-жылдын жаз айларында да уланышы мүмкүн. Бул мезгил азыркы божомолго киргизилген эмес.

Ошондой эле жакынкы айларда дүйнө боюнча кургактыктагы орточо температура нормадан 1,2 градуска жогору болушу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан