АКШнын Жашыруун кызматы Ак үйдүн жанындагы аймакка мүмкүн болуучу коркунучтарды аныктоо үчүн байкоочу дрондорду жайгаштырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда ABC телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, дрондор АКШнын Каржы министрлигинин имаратына орнотулган төрт корголгон контейнерде сакталат. Алар камералар жана сенсорлор менен жабдылып, дайыма ишке даяр абалда турат.
Дрондор курал алып жүрбөйт. Аларды алыстан башкаруу пульттары аркылуу ишке киргизүүгө болот. Алар абадан аймакты көзөмөлдөп, мүмкүн болуучу коркунучтарды тез аныктоого жардам берет.
ABC телеканалынын маалыматына караганда, мындай технология АКШдагы жүздөгөн укук коргоо органдарында колдонулуп келет. Айрым системдерде дрондордун тоскоолдуктарды айланып өтүүсүнө жана белгиленген объекттерди көзөмөлдөөгө жасалма интеллект жардам берет.
Жашыруун кызматы дрондордун конкреттүү милдеттери тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Ошол эле учурда жаңы контейнерлер Ак үйдүн пландалып жаткан бал залынын чатырындагы дрон базасына тиешеси жок экенин билдирген.