Түркиянын Анкара шаарында жасалма интеллект аркылуу президент Режеп Тайып Эрдоган жана юстиция министри Акин Гюрлек менен түшкөндөй сүрөттөрдү жасап, социалдык тармакка жарыялаган адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Прокуратуранын маалыматына караганда, ал жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган сүрөттөрдү WhatsApp'тагы статусуна жайгаштырган. Учурда кармалган адамдын үстүнөн жалган маалымат тараткандыгы боюнча тергөө жүрүп жатат.
Буга чейин шектүү Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча соттолгон.