Кытай жана АКШ туруктуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана өз ара түшүнүшүүгө туура жолду табышы керек. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин АКШга болгон сапарына байланыштуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө айтылат.
"Кытай менен АКШ атаандаш эмес, өнөктөш болушу керек. Эки өлкө кызматташууга, орточо атаандаштыкка, пикир келишпестиктерди башкарууга жана тынчтык убадасына негизделген туруктуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн биргелешип иштеши керек",- деген Си Цзиньпиндин сөздөрүн чет элдик басылмалар шаршемби күнү жазышты.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп АКШга иш сапары менен барган Си Цзиньпинди тосуп алышкан.