Биз социалдык тармакта

Баткенде Тажикстанга мал өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткенде чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды.
Облустук милициянын бүгүн, 24-сентябрдагы маалыматына караганда, ал 3-сентябрда 3 уй жана 3 торпокту Тажикстандын Исфара районуна өткөрүүгө аракет кылган. Ал бул ишти тажикстандык аткезчи жарандар менен макулдашып, анан жасамакчы болгон.
Шектүү уйларды Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаага жүктөп алып, Курук-Сай участкасындагы чек ара тилкеси бара жатканда колго түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан