Биз социалдык тармакта

Эрулан Кокулов Бишкетин мэрин сынга алды (видео)

Бүгүн, 24-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди сынга алды.

Эл өкүлү борбор калаада салынып жаткан сапатсыз жолдорго мэрия жооп берерин айтты.

"Мэр "сапатсыз курулуп калган жолдорго подрядчик жооп берет" деп жатат. Жолдун долбоорун, канча акча сарпталарын мэрия чечет. Анан подрядчиктин ишин дагы этап-этабы менен кабыл алып, мэрия көзөмөлгө алат",- деди Кокулов.

Буга чейин Бишкек шаарынын башчысы сапатсыз курулган жолдорго мэрия эмес, жол салган компаниялар жооптуу экенин айткан.

Эрулан Кокулов Бишкетин мэрин сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан