Биз социалдык тармакта

"Кесипкөйлүк жыныс менен аныкталбайт". Бактыгүл Бадыева сындарга жооп берди (видео)

Кыргызстандын грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган ырчы Бактыгүл Бадыева бүгүн, 24-сентябрда өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө федерациянын жетекчилигинде сөзсүз түрдө эркек спортчу же чемпион болушу керек деген пикирлерге таң калганын айтты.

Бадыеванын белгилөөсүндө, спортчунун негизги милдети - машыгып, мелдештерге катышып, жеңишке жетүү болсо, федерациянын жетекчилиги турнирлерди уюштуруу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөктөштөрдү жана демөөрчүлөрдү тартуу, спортчуларды колдоо сыяктуу иштерди аткарат.

"Мен аялмын. Балким, кимдир-бирөө үчүн менин дайындалышым көнүмүш эмес көрүнгөндүр. Бирок кесипкөйлүк жыныс менен аныкталбайт. Аял да жетекчи, директор, депутат, ишкер жана спорт федерациясынын вице-президенти боло алат",- деди ал.

Ырчы Бактыгүл Бадыева спорт федерациясындагы дайындалышы боюнча сындарга жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан