
Манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосу аудиокитеп форматында жарыялана баштады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, долбоор министрликтин колдоосу менен жүзөгө ашырылып, аны ишке ашырууга 3 миллион сом бөлүнгөн.
Аудиокитепти журналист Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот. Аудиокитептин кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарыяланып турат.