Ырчы Тамга өзбекстандык диджей Шохрух Сиражев менен биргеликте элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан "Эсимде" ырын заманбап форматта аткарды. Ырдын жаңы версиясын алар социалдык тармактагы баракчаларынан бөлүштү.
Сиражевдин айтымында, ырдын жаңы версиясы Кыргызстандын музыкалык маданиятына арналып, "Turan" аттуу альбомунда "Esimde" треги катары жарык көргөн.
"Жаңы версияда Тамганын вокалы чыгыш-электрондук музыка менен айкалышып, эски обон заманбап музыкалык ыкмада жаңыртылды",- деп билдирүү калтырган диджей.