Биз социалдык тармакта

Көк-Жарда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлиги тарабынан салынды. Курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Жалпы аянты 3348,9 чарчы метр болгон үч кабаттуу имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, компьютердик жана эмгек класстары, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Учурда мектептин айланасын көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан