Биз социалдык тармакта

Денис Петрашов менен чогуу жарышка түшкөн суучул дүйнөлүк рекордду жаңылады

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында 17 жаштагы япониялык суучул Син Охаси 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүүдө 2 мүнөт 4,83 секундда келип, дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Бүгүн, 24-сентябрда өткөн жарышта япон суучулу тарыхый жеңишке жетти. Буга чейинки рекорд 2023-жылы болгон. Анда ушул эле аралыкты кытайлык суучул Цинь Хайян 2 мүнөт 5,48 секундда сүзүп өтүп, рекорд койгон.

Азия оюндарында ушул эле аралыкта күмүш медалды кыргыз суучулу Денис Петрашов жеңди. Ал 200 метрди 2 мүнөт 08,67 секундда сүзүп өтүп, Кыргызстанга тарыхый күмүш медалды алып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан